Русский
  • Русский
  • English

«Санариптик компетенциялар жана онлайн маркетинг» тренинги

Дата проведения: 26 октября

Язык: Русский

Борбордук Азия аймактык институту Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссия долбоорунун алкагында санариптик маркетинг көндүмдөрүн жана компетенттүүлүгүн калыптандыруу менен айыл жергесиндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү программасына катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт.
Программанын негизги максаты — Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында жашаган 50 аялга продукциясын же кызматын сатууга, ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган көндүмдөрдү үйрөтүү.
Программа 3️⃣ этапта өтөт:
— Катышуучуларды тандоо: октябрь 🔍
— Тренинг (Ош шаарында)
— Насаатчылык программасы: декабрь, январь, февраль 📆
Тренинг эмнелерди камтыйт:
🔸 Негизги SMM көндүмдөрү
🔸 Финансылык сабаттуулук
🔸 Санариптик көндүмдөр жана онлайн сатуу платформаларында сатуу
Тандоодон өткөн катышуучулар Ош шаарында 5 күндүк тренинде жогоруда аталган тармактар боюча билимин жогорулатышат. Тренингден кийин насаатчылык (эксперттер тарабынан кеңеш берүү) улантылат. Программанын кийинки 3 айында катышуучулар өздөрүнүн кызматтарын же өндүрүштөрүн социалдык тармакта жана/же онлайн сатуу платформаларына жайгаштырып, сатууга чыгарыш керек.
Бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан каржыланат 💰
Катышуучуларга талаптар:
🔹 18-45 жаштагы аялдар жана кыздар
🔹 алгачкы этаптагы бизнеси же бизнес идеяга ээ болуусу
🔹 үйрөнүү жана бизнесин өнүктүрүүнү каалоо
Катышуу үчүн кабыл алуу формасын толтурунуз:
❗ Кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 15 октябрь, 2021

Мероприятия

14
сентября

Политическая безопасность

Тренинги по графическому дизайну

26
Июля

Политическая безопасность

Тренинги по «Website design»

20
Июля

Политическая безопасность

С праздником Курман айт!